Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

УКМК: Чагымчыл аудио жайылткан аял аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу чагымчыл аудио билдирүү тараткан аял аныкталганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал быйыл 25-августтан 13-сентябрга чейинки аралыкта өлкөдө жапырт башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан.

«Өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү социалдык түйүндөргө тез тарап кеткен. Профилактикалык маектешүүнүн жүрүшүндө ал өкүнүп, туура эмес иш кылганын мойнуна алды. Элден кечирим сурады» деп билдирди УКМК.

Августтун аягында Кыргызстанда башаламандык болору, ошондуктан азык-түлүктү эртерээк камдап алуу зарылдыгы тууралуу аудиобилдирүү соңку күндөрү «WhatsApp» мессенжери аркылуу тарап жатат.

Буга чейин да ушундай мүнөздө кабарлар тараганда УКМК бул үчүн адам жоопко тартылышы мүмкүн экенин эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG