Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Путинди тилдеген грузиялык журналист жумуштан бошотулду


«Рустави-2» телеканалынын мурдагы журналисти Георгий Габуния.
«Рустави-2» телеканалынын мурдагы журналисти Георгий Габуния.

Грузиядагы «Рустави-2» телеканалында Орусиянын президенти Владимир Путинди түз эфирде тилдеген журналист Георгий Габуния жумуштан бошотулду. Бул тууралуу каналдын жаңы жетекчиси Паати Сали 20-августта Тбилисиде өткөн брифингде айтты.

Андан тышкары, телеканалдын жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы Нодар Меладзе жана анын кол астында иштеген бир катар кызматкерлер да иштен алынды. Алар жарнамага байланыштуу эрежелерди бузганы айтылды.

Грузиянын оппозициялык «Рустави-2» телеканалынын кабарчысы Георгий Габуния 7-июлда түз эфирде Орусиянын президенти Владимир Путинди жана анын ата-энесин оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Ошол күнү жүздөгөн адам телеканалдын имаратынын алдында нааразылык уюштуруп, журналист эки айга эфирден четтетилген.

Грузиянын президенти, өкмөт башчысы жана Тбилисинин мэри Габуниянын бул эфирин «чагым» деп баалашкан.

Июлдун аягында телеканалдын кожоюну алмашкан. Оппозиция өкүлдөрү, укук коргоочулар буга байланыштуу бийликти күнөөлөп, «редакциялык саясатты өзгөртөт» деп тынчсызданышкан.

XS
SM
MD
LG