Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Грузияда оппозициялык каналдын ээси алмашты


"Рустави-2" телеканалынын студиясы.

Грузияда "Рустави-2" телеканалынын айланасында чыр чыкты. Узакка созулган соттошуулардын негизинде телеканалдын кожоюну алмашты.

Оппозиция өкүлдөрү, укук коргоочулар буга байланыштуу бийликти күнөөлөп, редакциялык саясатты өзгөртөт деп чочулап жатат.

Ушул айдын башында "Рустава-2нин" журналисти эфирден Орусиянын президенти Владимир Путинди сөгүп салгандан кийин талаш-талкууга кабылган.

Грузияда "Рустави-2" эң көрүмдүү, таасирлүү телеканал болуп эсептелет жана буга чейин өкмөттү сындап келгени маалым.

Адам укуктары боюнча Европа соту өткөн аптада "Рустави-2" телеканалы боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, аталган телеканалдын мурдагы ээси, бизнесмен Кибара Халвашиге берилиши керек деп айтылды.

Грузиянын Жогорку соту 2017-жылы март айында да ушундай чечим чыгарган. Мындан улам "Рустави-2нин" буга чейинки кожоюндары - ага-ини Леван менен Георгий Караманишвили Страсбург сотуна кайрылган. Бул бир туугандар Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили менен жакын экени белгилүү.

Халваши "Рустави-2" телеканалына 2004-2006-жылдары ээлик кылган. Кийин Саакашвилинин бийлигинин тушунда басым-кысымдын айынан телеканалдагы үлүшүн арзыбаган акчага сатууга аргасыз болгонун айтып, сотко кайрылган.

Өлкө оппозициясы үчүн Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечими күтүүсүз болду. Грузин өкмөт башчысы Мамука Бахтадзе болсо соттун чечимин кубаттады:

"Страсбург сотунун бул чечими - Саакашвилинин жана "Улуттук кыймылдын" бийлигинин тушунда бизде укуктук өлкө болбогонунун бир далили. Анда адам өлтүрүүлөр, адамдарды жашоо укугунан, менчигинен ажыраткан учурлар болгон. Страсбург соту Грузиядагы соттор "Рустави-2" боюнча бир дагы мыйзам бузуу болбогонун аныктады".

Өлкөдөгү башкы оппозициялык телеканалды буга чейин бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы жана анын лидери Бидзина Иванишвили сындап келген.

Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили телеканалдын айланасындагы соңку жагдайга байланыштуу Бидзина Иванишвилини күнөөлөдү. Ал атайын кайрылуу жасап, мекендештерин каршы турууга чакырды:

"Иванишвили Грузиянын баарын - бюджетти, жерди, бакчаларды басып алды. Достор, муну жөн эле карап отура берелиби? Мекенибизди душманга өткөрүп берелиби? Мен жөн гана карап тура албайм. Акыр-аягына чейин күрөшөм. Келгиле, эмгек өргүүнү, эс алууну жыйыштырып, мекенди биринчи орунга коелу. Мындай зулумдук жеңбеши керек. Биз баарыбыз биригип, бир күч бололу".

Айрым оппозиция өкүлдөрү, укук коргоочулар жана жарандык активисттер да бийликти "Рустави-2" телеканалынын редакциялык саясатына кийлигишип жатат деп күнөөлөп чыгышты.

Transparency International эл аралык уюмунун Грузиядагы өкүлү Мамука Андгуладзе өлкөдөгү 15 бейөкмөт уюм бийликке жана телеканалдын жаңы жетекчилигине сөз эркиндигин жана телеканалдын буга чейинки багытын өзгөртпөө тууралуу кайрылганын маалымдады:

Мамука Ангуладзе.
Мамука Ангуладзе.

"Биз Грузиянын эгемен тарыхындагы жагдайларды эске алып жатабыз. Буга чейин кайсы бир телеканалдардын кожоюндары алмашып, андан кийин бийликке ыктап калган учурлар болгон. Биз "Рустави-2нин" буга чейинки редакциялык саясатын билебиз. Бул саясат өзгөрбөшү керек. Бизде медиочөйрө аябай саясатташып кетти. Бул чынында демократиялык коомго өтө чоң чакырык".

Мамуки Андгуладзе келерки жылы өлкөдө парламенттик шайлоо болорун, бийликтин кемчилигин көрсөтүп турган жалпыга маалымдоо каражаттарынын мааниси алда канча артарын белгиледи.

Ал арада мурдагы коргоо министри Ираклий Окруашвили телеканалдын чыныгы ээси экенин айтып чыкты. Ал 2004-жылы "Рустави-2" телеканалын өзү сатып алганын, Кибара Халвашиге жөн эле каттатып койгонун, муну колундагы документтер менен сотто далилдей турганын жарыялады. Телеканалдын азыркы кожоюндары анын айткандарын четке кагып жатат.

Ушул айдын башында "Рустави-2" жаңжалга кабылган. Телеканалдын журналисти Георгий Габуния эфирде Орусиянын президенти Владимир Путинди сөгүп салган. Бул эки өлкөнүн ортосунда тирешүүгө негиз болгон. Өлкө жетекчилери журналистти айыптаган чыгышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG