Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Зилалиевдин сотунда күбөлөр көрсөтмө берди


Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин. 2018-жыл.
Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин. 2018-жыл.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнкул Зилалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде козголгон иш боюнча соттук териштирүү уланды.

Бүгүнкү соттук отурумда эки күбө суралды, башка күбөлөр келбегенине байланыштуу жыйын 28-августта өтмөй болду.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

20-августта Зилалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо жемкорлук кылган деп шек саналып жатканы белгилүү болду.

7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Латвияда Зилалиевдин жубайына жана балдарына иш козголгонун маалымдады. Жубайы Зульфия Зилалиева бул айыптоону негизсиз деп атады. (RK)

XS
SM
MD
LG