Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 01:00

Текебаев күнөөсүз экенин далилдей турганын айтты


Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку соттун ишти кайра тергөөгө жөнөткөн чечими боюнча оюн билдирди.

Ал өзүнүн актыгын далилдей турганын Жогорку Кеңештин депутаттары, жактоочулары жана партия мүчөлөрү менен сүйлөшкөн учурда билдирген. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

- Депутаттар, адвокаттар барып жолуктук. Маанайы жакшы. Мыйзам боюнча ушундай болуш керек эле, кеч болсо да адилеттик орнойт деген ушул. «Мен актыгымды далилдейм» деп, партиялаштарын куттуктады.

Текебаев саламаттыгына байланыштуу 31-майда №47 колониядан ооруканага которулган. Учурда ал Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти 21-августта карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарды. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. (КЕ)

Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралат

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG