Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Макрон G7 саммитинин алдында Ирандын расмий өкүлдөрү менен жолугат


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн саммитинин алдында, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалууну басаңдатуу максатында Ирандын расмий өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу «Reuters» жазды.

Европанын Францияны кошкондо үч державасы Иран менен 2015-жылы түзүлгөн эл аралык келишимди сактап калууну көздөп жатышат.

Вашингтон Тегеран менен 2015-жылы түзүлгөн эл аралык көп тараптуу өзөктүк келишимден чыгып кеткен. Ошондон бери Тегеран менен Вашингтондун алакасы чыңалган абалда турат. Президент Дональд Трамп: «Алты мамлекет – АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Германия жана Франция кол койгон макулдашууга Ислам Республикасынын баллистикалык ракеталар программасы толук камтылбай калган.

Ирандын чөлкөмдөгү террордук уюмдарга көрсөтүп жаткан жардамы канчалык экени да эске алынган эмес» деген жүйөсүн айткан. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 20-августта БУУнун Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөп жатып, «Ирактын, Ливандын, Сириянын жана Йемендин аймагында жаңжал менен террорду козутуп жатат» деп Тегеранды айыптаган.

Дагы караңыз: Германия Орусияны «Чоң сегизге» кайтаруу боюнча сунушка макул эмес

XS
SM
MD
LG