Кыргыз өкмөтү «Социалдык өнөктөштүк жана аймактарды өнүктүрүү» деп аталган жаңы коомдук фонд түздү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Өкмөттөн алынган маалыматка ылайык, бул фондго Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен түзүлгөн стратегиялык келишим боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төлөнчү каражат которулат.
Өкмөт жүргүзгөн сүйлөшүүлөргө ылайык «Центерра Голд» фондго 10 миллион доллар жана жылдык кирешесинин 0,4 пайызын жыл сайын которуп турууга макул болгон. Бул каражат аймактарды өнүктүрүүгө, экотуризмди, инвестициялык долбоорлорду колдоого жумшалганы жатат.
Кумтөр боюнча «Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү» деп аталган стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда кол коюлган. Анда «Центерра Голд» айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин көтөрүүгө макул болгон.
Буга жооп катары кыргыз өкмөтү «Центерра Голдго» каршы берген экологиялык доодон баш тартат. Исаков өкмөттөн кеткен соң Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү жаңы сүйлөшүүлөрдү баштап, өткөн аптада «Центерра Голд» менен мунаса тапканын жарыялады. Ага ылайык, стратегиялык келишимге кошумча колдоо катары жаңы түзүлгөн фонд да каржыланат. (BkA)