Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Интернет дөө-шаалары казак өкмөтүнүн тиркемесине бөгөт коюшту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Apple», «Google» жана «Mozilla» интернет-компаниялары Казакстандагы талаштуу компьютердик программага бөгөт коюуну чечишти. Казак өкмөтү сунуш кылган «Qaznet» аттуу тиркемеге каршы «техникалык чаралар» көрүлүп жатканын бул үч компания 21-августа билдирди. Эми жогорудагы Интернет дөө-шааларына таандык «Chrome», «Firefox» жана «Safari» браузерлери «Qaznet» программасына бөгөт кое алат.

Июль айынан бери Казакстандагы телекоммуникация операторлору колдонуучулардан Интернетке туташуу үчүн телефондоруна же компьютерлерине «Qaznet» программасын орнотууну талап кыла баштаган. Мындан баш тарткандар Интернетке кире албай жатканын кабарлашкан. Эркин IT адистер бул программа казак бийлигине колдонуучулардын сыр сөздөрүн жана браузерлер аркылуу жазган каттарынын мазмунун билүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтып чыгышкан.

Коомчулук арасында сын күчөгөндөн көп өтпөй, 7-августта казак өкмөтү бул талаштуу программанын ишин убактылуу токтоткон. Бийлик бул система президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен сыноодон гана өткөнүн, бирок «Казакстандын маалымат мейкиндигине сырттан кийлигишүү болсо» кайра ишке киргизилиши мүмкүндүгүн билдирген.

XS
SM
MD
LG