Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:21

Иран жаңы ракеталык комплексин ачыкка чыгарды


«Bavar-373» комплекси.
«Bavar-373» комплекси.

Иран узак аралыктагы ракета соккуларынан коргонууга мүмкүнчүлүк берген жаңы зениттик комплексин ачыкка чыгарды. «Bavar-373» аттуу абадан коргонуу системасы 22-августта Ирандын Улуттук коргонуу өнөр жайынын күнүнө карата Тегеранда көрсөтүлдү. Бул иш-чарага президент Хасан Роухани да катышып, Иранга учурулган ракеталар атып түшүрүлө турганын эскертти.

- Ракета учурган мырза, эгер кыла алсаң, кнопканы бас жана ракетанын асманда өзүн жок кылышына жол ач, - деди Роухани.

Иран жаңы комплексин Тегеран менен Вашингтондун алакасы чыңалып турганда көрсөтүп жатат.

АКШ 2018-жылдын май айында Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып кеткен. Президент Дональд Трамп мындай чечимдин себеби катары келишимге Ирандын баллистикалык ракеталарды чыгаруу программасы кирбей калганын, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы террордук топторду колдоп жатканын көрсөткөн.

Көп өтпөй Кошмо Штаттар Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда кол коюлган бул келишимдин алкагында токтотулган Тегеранга каршы санкцияларды кайра калыбына келтирген.

Иран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып жатканын билдирип, АКШнын андан бир тараптуу чыкканын сынга алып келет.

XS
SM
MD
LG