Украинада камакта отурган үч орус жараны Москвага өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Бул тууралуу алардын адвокаты Валентин Рыбин 22-августта ТАСС агенттигине билдирип, эки өлкө жакын арада туткундарды алмашарын айтты. Ал өз кардарлары - орусиялык Максим Одинцов, Александр Баранов жана Евгений Мефёдов - туткун алмашуу жараянына юридикалык даярдык көрүп жатканын кошумчалады.
Кезинде украин армиясынын Крымдагы аскердик бөлүгүндө кызмат өтөгөн Одинцов менен Баранов Москва 2014-жылы жарым аралды аннексиялагандан кийин орус тарапка өтүп кеткен. Алар Украинада «чыккынчылык кылган» жана «армиядан качкан» деген айып менен 13-14 жылга эркинен ажыратылган. Мефёдов болсо 2014-жылы Одесса шаарындагы орусиячыл жикчилдер менен украин активисттеринин кандуу кагылышына байланыштуу «Жикчилдик» беренеси менен кармалган.
Бир күн мурда «Коммерсантъ» басылмасы Украина менен Орусия августтун аягында туткундарды алмашышы мүмкүн экенин, анын алкагында былтыр Керч кысыгындагы чатакта кармалган украин деңиз аскерлери да Киевге өткөрүлүп берилиши ыктымал экенин жазган. Бирок ошол эле күнү Москванын соту украиналык 24 аскердин 13үнүн бөгөт чарасын 26-октябрга чейин узартып койду.
Киев туткундарды алмашуу тууралуу толук маалымат бере элек. Бирок июль айында Украинанын расмий өкүлдөрү алмашыла турган туткундардын тизмеси тууралуу сүйлөп жатып, Орусия Украинанын 150гө жакын жаранын мыйзамсыз кармап турганын билдиришкен.