Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Москва бийлиги 31-августта митинг өткөрүүгө уруксат берген жок


Москвада 10-августта өткөн митинг.
Москвада 10-августта өткөн митинг.

Орусиянын бийлиги оппозициячыл активисттерге 31-августта Москвада митинг жана жүрүш өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу Москва шаардык кеңешине талапкер болуп каттала албай калган активист Любовь Соболь билдирди. Ал Москва бийлигинин митингге байланыштуу баш-аягы үч өтүнүчтү четке каккан жообун "Фейсбуктагы" барагына жарыялады. Ошондой эле дагы бир оппозициячыл активист Дмитрий Гудковдун айтымында, саясий жүрүш үчүн альтернативалык аянт берүү өтүнүчү да канааттандырылган жок.

Бийлик Москвадагы Бульварное кольцо аймагында жана Тверь көчөсүндө он күндөн кийин өтө турган митингдер жол кыймылына тоскоолдук жаратаарын себеп катары көрсөткөн. Москванын мэриясы 100 миң кишилик митингди Мир проспектисинде өткөрүү өтүнүчүн да ушундай жүйө менен четке каккан.

Орус баш калаасында көз карандысыз активисттерге 8-сентябрга белгиленген жергиликтүү кеңешке шайлоого катышууга уруксат берүүнү талап кылган митингдер июль айынын соңунан бери өтүп жатат. Соңку митинг 10-августта өтүп, ага 60 миңге чукул киши катышкан.

XS
SM
MD
LG