Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Жээнбеков: Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт


президент Сооронбай Жээнбеков
президент Сооронбай Жээнбеков

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

Ал чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганын белгиледи.

«Бийликке — өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти — байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен», — деди Жээнбеков.

Президент мамлекеттик кызматка келген ишкерлер өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экенин кошумчалады. Ал коррупцияга каршы күрөш азыр күч жана көзөмөл менен гана жылып жатканын айтты. "Ошол максат менен коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди», — деп белгиледи президент.

Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган «Transparency International» уюму өз баяндамасында Кыргызстанды жыл сайын өтө корруциялашкан өлкөлөрдүн катарына кошуп келе жатат.

Мамлекет башчы эки күндүк иш сапары менен Нарынга 21-августта барган. Ал Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуп, мамлекеттик аймактык өнүгүү саясаты, айыл чарбасын жана аймактарды колдоо боюнча финансы институттарынын ишмердиги, жер-жерлерге инвестицияларды тартуу, таза суу жана ирригация боюнча долбоорлор, сот-укутук реформанын жүрүшү, коррупция менен күрөшүү чаралары, өлкөнү санариптештирүү жөнүндө айтып берди. (KE)

XS
SM
MD
LG