Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 00:36

«Кара жыгач токою – Экологиялык парк» аттуу фестиваль өтөт


Фестивалдын баннери.

Бишкекте «Кара жыгач токою – Экологиялык парк» аттуу фестиваль өтөт. Аны Борбор Азиядагы Америка Университети, Бишкек мэриясы жана Кыргыз-Француз экотуризм биримдиги өткөрүп жатат.

Иш-чаранын алкагында Кара жыгач токою жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлүп, балдарга, өспүрүмдөргө ылайыкталган мастер-класстар уюштурулат.

Аталган фестиваль быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Бул демилге климаттын өзгөрүшүнө каршы БУУ конференциясынын долбоору катары Франциянын Экология министрлигинин эн белгисин (лейбл) алган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG