Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:03

Кыргыз-өзбек башкы дипломаттары талкуу жараткан видеокайрылуу боюнча сүйлөштү


Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов телефон аркылуу сүйлөшүп, буга чейин талкуу жараткан өзбек спортчусунун видеокайрылуусу боюнча сүйлөштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн башкы дипломаттары жаралган кырдаалды калыс изилдөө максатында көзөмөлдөөнү макулдашты.

18-августта Кара-Суу шаарында кулатуу боюнча эл аралык мелдеш өткөн. Ага катышкан өзбекстандык спортчу Нурсултан Рузибоев мелдештин жыйынтыгына нааразы болуп, түз эфирде кыргызстандыктарга сын айткан. Ал мелдештин калысынын рингден Өзбекстандын желегин ыргытып жибергенине нааразы болгон.

Бул Кыргызстанда бир топ нааразылыктарды жараткан. Бул боюнча Ош облустук милициясы Жазык кодексинин “Улут аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча текшерүү баштаганын жарыялаган. Кийин Рузибоев видеокайрылууда айткан сөздөрү жалпы кыргызстандыктарга эмес, мелдештин катышуучуларына багытталганын билдирген. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG