Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Мугалимдердин айлыгы октябрда 30 пайызга көтөрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан август кеңешмесинин жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын маалыматына караганда, айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү болот. Айлык ушул жылдын 1-октябрынан баштап көтөрүлөт деп пландалууда.

"12 миң айлык алган мугалимдердин айлыгы эми 18 миңди түзөт. Биз татыктуу келечек ээлерин тарбиялоо үчүн мугалимдерге болгон шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондуктан бул аракет акыркы эмес. Алдыда дагы эл агартуучулар үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз", - деп билдирди Абылгазиев.

Ошондой эле учурда Кыргызстан боюнча 157 социалдык объект курулуп жатканын өкмөт башчы белгилеп, анын 117си билим берүү мекемелери экенин кошумчалады.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат.(KS)

XS
SM
MD
LG