Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 23-августтун таңында эркиндикке чыкты.
Июль айынын соңунда Навальный "коомдук иш-чараны өткөрүү эрежелерин кайталап бузганы" үчүн 30 суткага Москвадагы атайын кармоочу жайга камалган.
Ал 27-июлдагы Москвада бийлик менен макулдашылбай өткөрүлгөн акцияга элди чыгууга үндөгөнү үчүн күнөөлүү деп табылган.
28-июлда Навальный өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган. Расмий версияга караганда, оппозиционерге дерматит деген диагноз коюлган. Бирок Навальный мурда эч качан аллергия болуп көрбөгөнүн жана сыркоолоп калышы шек жаратып жатканын билдирген.