Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Эколог Эмил Шүкүров каза болду


Эмил Шүкүров.
Эмил Шүкүров.

Белгилүү эколог Эмил Шүкүров 81 жаш курагында дүйнө салды. Бул маалыматты анын жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, ал бир нече саат мурда Бишкекте каза болгон. Азырынча тажыясы качан өтөрү белгисиз.

Эмил Шүкүров 1938-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин биолог-зоолог адистиги боюнча, Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган.

Узак жылдар бою Кыргыз микробиология жана гигиена институтунда эмгектенип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Шүкүров 2016-2017-жылдары Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон. Бир жыл иштеп, өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Өмүрүнүн акыркы жылдары Кыргызстандагы экология боюнча маселелерди көтөрүп жүргөн.

Шаардык кеңештин депутаттары жана аппараты маркумдун жакындарына көңүл айтып, Шүкүрөвдун калааны өнүктүрүүгө кошкон салымы эбегейсиз экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG