Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Орусия менен Украина туткундарын башма-баш айырбаштоого даярданууда


Орусиялык аскерлер кармаган украиналык моряктардын соту. 16-август, 2019-жыл.
Орусиялык аскерлер кармаган украиналык моряктардын соту. 16-август, 2019-жыл.

Киев менен Москва ар бири, өз тарабынан 33 туткунду алмаштырууга даярданып жатат. Алардын арасында, өткөн жылдын соңунда орус аскерлери тарабынан кармалган украин моряктары да болушу мүмкүн.

22-августа "РБК" агенттиги өз булактарына таянып, Орусияда туткунда кармалып жаткан 33 украин жараны, Киевде камалып турган 33 орус жаранына, жакынкы аралыкта башма-баш айырбашталышы ыктымал экенин кабарлады. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков аталган агенттикке Москва менен Киев туткундагыларды айырбаштоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастады, бирок, кеңири маалымат берген жок.

Терроризмге айыпталып Орусияда 20 жылга кесилген украиналык кинорежиссер Олег Сенцов аталган тизмеде барбы-жокпу белгисиз. Крымдын мыйзамсыз аннексияланышына ачык каршылыгын билдирген режиссёр өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет.

Киев Орусиянын аймагында украиналык 150 жаран туткунда экенин кабарлап келет. Буга чейин Америка Кошмо Штаттары менен Евробиримдик Москваны Орусияда, аннексияланган Крымда жана орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Украинанын чыгышында, туткунда кармалып жаткан ондогон украин жарандарын бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG