Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:16

Макрон Иран боюнча келишимди сактап калгысы келет


Франциянын президенти Эммануэл Макрон. 19-август, 2019-жыл.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактап калуу максатында Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жаваз Зариф менен жолукмай болду.

Макрондун администрациясы жолугушуу 23-августта, Биаррица шаарында, «Чоң жыйырманын» саммитин утурлай өтөрүн ырастады. Зариф Иран эл аралык макулдашууну сактап калуу боюнча Франциянын сунуштарын карап чыгууга даяр экенин айтты.

Ал ошондой эле Перс булуңундагы иштерге Кошмо Штаттардын кийлигишүүсүн Иран кабыл албай турганын кошумчалады. Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу Кошмо Штаттар бул келишимден чыгып кетип, Иранга каршы санкцияларды жанданткан соң курчуп кеткен.

Ушундан улам Иран экономикасы кризиске кептеле түштү. Макрон бул жуманын башында ирандыктардын жашоосун жакшыртыш үчүн аларга каршы салынган санкцияларды жумшартууну же башка бир компенсациялык механизм иштеп чыгууну сунуш кылган. Тегеран болсо буга чейин келишимди так сактап келгенин билдирүүдө.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG