Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:36

Өкмөт Эл аралык арбитраждын чечимине каршы даттанат


Иллюстрациялык сүрөт.

«Stans Energy Corp» компаниясынын доо арызы боюнча Эл аралык арбитраждын чечими кыргыз тарап доону автоматтык түрдө төлөйт дегенди билдирбейт. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда арбитраждын чечими ар түрдүү юрисдикцияларда мамлекеттик сот органдарында тастыкталышы керек экени белгиленген.

«Өкмөт Арбитраждын чечимине каршы даттануу боюнча сөзсүз түрдө тиешелүү чара көрөт жана көрүп жатат. Бул дайыма узак сот процесстери менен коштолот. Белгилей кетсек, ушул эле компаниялардын доо арызы боюнча 2014-жылы Канадада жана Орусия Федерациясында ушуга окшош арбитраждык соттошуу жүрүп, алар 2015 жана 2017-жылы Кыргыз Республикасынын пайдасына аяктаган», деп айтылат билдирүүдө.

20-августта Торонтодогу Эл аралык арбитражда канадалык «Stans Energy Corp» компаниясынын кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызы каралган. Анда канадалык компания «Кеминдеги Кутесай II жана Калесай кендерин иштетүү лицензиясын мыйзамсыз жокко чыгарды» деп кыргыз өкмөтүнөн 128 миллион доллар өндүрүүнү талап кылган.

Эл аралык арбитраж ишти карап чыккандан кийин кыргыз өкмөтүн «Stans Energy Corp» компаниясына 24 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргогон «King&Wood Mallessons LLP» юридикалык компаниясы арбитраж канадалык компаниянын доосун четке кагып, соттук чыгымдын бир бөлүгүн гана төлөөнү милдеттендиргенин кабарлады.

«Stans Energy Corp» компаниясы Кеминдеги сейрек металлдардын запасы бар Кутесай-II жана Калесей кендерин иштетүү укугун 2009-жылы алган. Бирок кыргыз өкмөтү «Канадалык компания милденттенмелерин так аткарбай жатат» деп лицензияны 2011-жылы жокко чыгарган. Ошондон бери өкмөт бул компания менен соттошуп келет. (BkA)

Дагы караңыз: Кыргызстан эл аралык сотто канадалык компанияга утулду

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG