23-августта бир нече активист баш калаа Нур-Султандагы АКШ элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар колдоруна “Саясий туткундарга боштондук” деген орус тилинде жазылган кагаздарды жана укук коргоочулар саясий туткун деп тааныган отуз чакты соттолгон адамдын сүрөттөрүн көтөрүп турушту. Акциянын катышуучулары бийликтен саясий туткундарды бошотууну талап кылды.
Активисттер элчилик алдында бир топ убакыт тургандан кийин полиция келип алардан митинг өткөрүүгө уруксат сурашты. Мындан соң акциянын катышуучулары Азирет Султан мечитинин алдына барышты. Бир нече убакыттан кийин жыйналгандарга калаанын акими Самат Ибраев чыгып сүйлөштү.
Активисттер мындай акцияларды 4-августтан бери өткөрүп келет. Алар жемкорлук айыбы боюнча соттолуп, түрмөдө отурганына он жылдан ашкан “Казатомпром” улуттук компаниясынын мурдагы президенти Мухтар Жакишевди, 2006-жылы Шаңырак окуясынан кийин соттолгон диссидент Арон Атабекти, 2016-жылы Атырауда жер реформасына каршы акциядан кийин кесилген активист Макс Бокаевди, “жихчадчылар иши” боюнча соттолгон Алмат Жумагулов менен Кенжебек Абишевди жана башкаларды бошотууну талап кылып атышат.
Расмий Нур-Султан камакта саясий туткундар жок экенин ырастап келет.