Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Чолпон-Атанын айрым көчөлөрүн сел каптады

Чолпон-Ата. 24.08.2019
Чолпон-Ата. 24.08.2019

Чолпон-Ата шаарынын айрым көчөлөрүн сел каптап, учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, нөшөр жаандан кийин кокту-колоттон сел агып, Чолпон-Ата шаарынын Совет, Колесников көчөлөрүндөгү арыктарга суу батпай кеткен. 15 турак үйдүн, беш дүкөндүн, алты кафенин жана эки банктын короосун суу каптаган.

Окуя болгон жерде Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 28 куткаруучу жана №7 Жол тейлөө ишканасынан бир грейдер, бир жүктөгүч, 10 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан бир экскаватор, бир суу сордургуч унаа иштеп жатат.

Чолпон-Ата шаары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан. Жыл сайын жайында ал жакта жүз миңдеген адам сууга түшүп, эс алып кетет. 

XS
SM
MD
LG