Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:10

Беш жылда 20 завод курган «Агро горизонт» долбоорунун жыйынтыгы чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда «Агро горизонт» долбоорунун беш жылдык ишинин жыйынтыгы чыгарылды. АКШнын Өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен ишке ашырылган айыл чарба долбоорунун алкагында 20 завод курулуп, кайра иштетүү багыты жөнгө салынганы 23-августта өткөн жыйында айтылды.

Беш жыл аралыгында 1400 туруктуу жумуш орду ачылып, жеке капиталдык салымдардын суммасы 66 миллион долларга жетти.

Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында атайын кампалар ачылды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жыйынга катышкан бөлүм башчысы Эмилбек Кыдыкманов өз сөзүндө бул долбоор жаңы инвестиция тартып, Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жигердүү салым кошконун белгиледи.

Кыргызстан агрардык өлкө. Аянтынын 53% айыл чарба жерлери түзөт. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG