Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

«Чоң жети» Францияда саммитке чогулууда


«Чоң жети». Архивдик сүрөт.
«Чоң жети». Архивдик сүрөт.

«Чоң жети» (G7) уюму Ирандын өзөктүк программасын жана Орусиянын бул уюмга кайра кайтуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаш үчүн Франциянын түштүгүндөгү Биарриц шаарчасында саммитке чогулууда. Жыйынга АКШнын президенти Дональд Трамп жана Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Борис Жонсон катышат.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кошмо Штаттардын президенти саммит жемиштүү болоруна үмүттөнөрүн айтты. Ошондой эле ал француз бийлигин «Google» жана «Facebook» компанияларына карата сатуудан түшкөн салык системасын киргизбөөгө чакырды. Ал эгер мындай салык киргизилсе АКШда Францияда өндүрүлгөн шарапка карата төлөмдөр боюнча жаңы чечим чыгарын айтты.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди саммиттен тышкары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Кашмир маселесин талкуулайт.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Бразилияда тропикалык токойлор күйүп жаткан чакта АКШ биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү хартияга кол коёруна үмүттөнөрүн айтты.

G7 уюмунун бул жолку саммити Кошмо Штаттар Иранга басымды күчөтүү талабын көбүрөөк коё баштаган шартта өткөнү турат. (RK)

XS
SM
MD
LG