Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Волейбол: Кыргызстан Азиянын аймактык чемпиону аталды


Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы. Катманду, Непал. 19-август, 2019-жыл.
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы. Катманду, Непал. 19-август, 2019-жыл.

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону аталды.

Финалдык беттеште курама команда Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңди.

Мелдеш ушул тапта Непалдын борбору Катманду шаарында өтүп жатат.

Буга чейин Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 менен утуп, тайпалык баскычтарда Непал менен Мальдив аралдарынын курама топторун жеңген.

Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына жети курама команда катышып, алар өз ара эки тайпага бөлүнүп ойноду.

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы бул чемпионатка 2015-жылдан бери катышып келе жатат.

2015-жылы Кыргызстан тайпалык мелдештерден өйдө чыкпай калган. 2016-жылы күмүш медаль тагынып, 2017-жылы чемпион болгон.

2018-жылы коло медалга татыган. (GT)

XS
SM
MD
LG