Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Орусия баллистикалык эки ракетасын учурду


"Булава" ракетасы. Архивдик сүрөт.
"Булава" ракетасы. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги "Синева" жана "Булава" деп аталган баллистикалык ракеталарын сыноо иретинде учурду. Ракеталар суу алдындагы атомдук "Тула" жана "Юрий Долгорукий" кемелеринен учурулганы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Анын алдында орус президенти Владимир Путин Америка Кошмо Штаттарында "Томагавк" канаттуу ракетасынын жер үстүндөгү варианты учурулганына "симметриялык жооп" болорун убада кылган.

Түндүк Муз океанынан жана Баренц деңизинин акваториясынан учурулган орусиялык ракеталар Камчатканын полигондорундагы машыгуучу бутага түз барып жеткени расмий кабарланды.

2-августта АКШ кыска жана орто аралыктагы бутаны ата алчу ракеталар тууралуу келишимден чыкканын жарыялаган. Вашингтон Орусияда колдонууга алынган 9М729 "Новатор" ракетасы бул келишимдин шарттарына карама-каршы келет деп эсептейт. Орусия мындай айыптоолорду четке кагып, өзү да бул келишимден чыгып кеткен.

18-августта Пентагон орто радиустагы ракеталардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу алкагында "Томагавктын" жер үстүндөгү вариантын сыноодон өткөргөн.(RK)

XS
SM
MD
LG