Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:23

Лейлекте чек арада чыккан чырдан эки адам жабыркады


Кыргыз-тажик чек арасы.

Лейлек районунда чек арага жакын айылда 24-августта чыккан чырдан кыргызстандык эки жаран жабыркады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Лейлек районунун администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавадинов билдирди.

Анын айтымында, чек арага жакын Борбордук айылынын тургуну чарбагына тосмо куруп жаткан учурда отуздай тажик жараны таш ыргыткан.

Окуяны жөнгө салыш үчүн барган милиция кызматкерине таш тийип, ооруканага жеткирилди. Андан башка дагы бир кыргыз жараны жараат алган.

Кыргыз тараптан эл чогулган эмес.

Бахавадинов курулуш иши чек арадан 100 метр ичкери, Кыргызстандын аймагында жүрүп жатканын кошумчалады.

Учурда окуя болгон жерди эки тараптуу биргелешкен патруль көзөмөлдөп турат.

25-августта кыргыз жана тажик чегиндеги райондордун акимдери жолугары кабарланды.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай жана Ворух айылдарынын тургундары ушул жылдын 22-июлунда чырдаша кеткен.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чыр тажик жарандары такталбаган жерге желек орнотууга аракет кылганда чыкканын билдирген.

Тажикстандын Чек ара кызматы болсо кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чырдан 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылган. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирген.

Бул окуядан кийин кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу өткөн. (JA)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG