Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:41

Президенттер чек араны чечеби?


Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу. 26-июль, 2019-жыл.
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу. 26-июль, 2019-жыл.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу Чолпон-Атада уланат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Эмомали Рахмонду «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалымдашынча, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча сүйлөшүү уланат.

Ушул эле күнү кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттүү иш сапары менен Тажикстандын Исфара шаарына барган.

Эл менен жолугушуу

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Исфарага сапарынын алдында Баткендеги Ак-Сай айылынын аксакалдардан турган отуз чакты тургунуна жолугуп, алардын суроо-талабын укту. Чек ара маселеси көзөмөлдө экенин айтты:

«Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Өткөндө силер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө», - деди президент.

Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатат.
Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатат.

Ал аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны чек арага жакын айылдарда көбөйгөнүн белгилеп, элдин коопсуздугу жана өлкөнүн кызыкчылыгы биринчи планда болорун билдирди.

«Өкмөттүн жетекчилери - Тажикстандын жетекчилери менен туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кечээ эле Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр жана айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан жумушчу кеңешме өткөрдүм. Кеңешменин жыйынтыгында жакынкы убакта социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушун баштоо боюнча чечим кабыл алынды», - деди Жээнбеков.

Ал ушул жылдын август айында өрт жана куткаруу кызматтарын жайгаштыруу үчүн имараттардын курулушу аяктап, эки адистештирилген транспорт берилерин жана эки жума ичинде чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары "Тез жардамдын" жаңы автомашинасы менен камсыз болорун белгиледи.

Мамлекет башчы менен жолугушууга катышкан айылдык кеңештин депутаты Савытбек Турдалиев буларды айтты:

"Президент чек ара маселесин чечип берем деди. Суроо-талаптарыбызды укту. Кудай буюрса эми чек ара маселеси чечилет, тынч жашоо болот деп үмүттөнөбүз. Президенттен Ак-Сайга чек ара тозотун коюп берүү жагын карап көрүүсүн сурандык. Анткени, тозот болсо эки тарапка тең коопсуздук үчүн жакшы болмок".

22-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600дөй тургуну 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткирилген.

Ата конушуна кайтканы менен элдин түн уйкусу тынч болбой жатканын Шааркан Надирова аттуу жергиликтүү тургун айтып берди:

"Бизге тынчтык керек. Бала-чакабыз менен улам эле баш калка издеп кача бергенден тажадык. Чек ара маселесин чечип беришсин, тынч уктайлы. Түндө “тырс” эткен добуш чыкса, жүрөгүбүз үшүп турат. Тынч жашагыбыз келет".

Аксайлыктардын үнү президентке жетпеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

"Чечилбеген маселе жок..."

Андан кийин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон Баткен районунун Ак-Сай, Тажикстандын Ворух айылдарынын чектешкен жеринде эл менен жолугушту.

Эки айылдын жашоочулары менен болгон жолугушууда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн бийлиги чек арага чектеш аймакта жашаган элдин маселесин биргелешип чечүүгө аракет кылып жатканын айтты.

«Биз чек арадагы элдин жашоо-шартын жакшы билебиз. Бардык маселелерден кабарыбыз бар. Аларды чогуу чечкенге аракет кылдык. Биз чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасы кылгыбыз келет. Мен чечилбеген маселе жок деп ойлойм», - деди Жээнбеков.

Президенттердин чек арадагы жолугушуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
Түз линк

Ал кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууну сунуштады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуусун тарыхый деп баалады.

«Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары эгемендик жылдарынан бери алгачкы жолу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жолугушту. Бул биздин сунушубузду колдогон урматтуу Эмомали Рахмондун акылдуу чечими менен болду», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков менен Рахмон чек арада жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 26-28-июль күндөрү Кыргызстанга болгон сапарына байланыштуу, Ысык-Көл районунун Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки аралыкта бардык автоунаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме буга байланыштуу айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырды.

Андан тышкары оор жүк ташуучу, кооптуу жүктөрдү ташыган жана айыл чарба техникаларын башкарган айдоочуларга ушул күндөрү Ысык-Көл облусунун түштүк тарабындыгы альтернативдүү «Балыкчы-Бөкөмбаев-Каракол» автоунаа жолу менен каттоо сунушталды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG