Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:45

Кыжалат кылган кыргыз-тажик чек арасы


Кыргыз чек арачылары
Кыргыз чек арачылары

Кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды.

Жаңжалдын токтобой жатышына эмне себеп? Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн эмне үчүн майнап чыкпай жатат? Чек ара боюндагы чырды ырбатууга сырткы күчтөр кызыкдарбы? Эки өлкө ортосундагы чек ара маселелерин биротоло чечүүнүн ишенимдүү жолдору барбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Баткен облусунун мурдагы губернатору Султан Айжигитов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү Чолпон Бердигулова жана «Коомчулук туруктуулук үчүн» долбоорунун координатору Махмадиор Хасанов катышты.

«Азаттык»: Чолпон айым, соңку маалыматтар менен бөлүшсөңүз. Учурда Ак-Сай, Ворух аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал кандай?

Чолпон Бердигулова: Акыркы көрүлгөн чараларга карабай абал бир аз курчуган, бирок жалпы кырдаал туруктуу десек болот. 22-июлдагы жаңжалдан улам Ак-Сайдан 300дөн ашык жай тургун Баткен шаарына көчүрүлгөн, дагы келип жатышат. Абалды турукташтыруу үчүн жергиликтүү бийлик, күч органдары аракеттерди көрүп жатышат. Бишкектен Жеңиш Раззаков баштаган жетекчилер келип, жеринде уюштуруу, координациялоо иштерин жүргүзүп жатышат.

«Азаттык»: Кыргызстандын вице-премьер-министри, ички иштер министри жаңжал болгон аймакта жүрүшөт, кошуна өлкөнүн жетекчилери менен сүйлөшүү, макулдашуулар болдубу?

Чолпон Бердигулова: Кошуна өлкөнүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү тынымсыз жүргүзүп жатышат. Окуя болгон күнү эле Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жерине барып, Согди облусунун жетекчиси менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Чыр-чатактарды жөнгө салуу, ыктымакка алып келүү боюнча бир топ макулдашууларга жетишишкен. Ага ылайык тиешелүү иш-чараларды көрүшкөн.

Чек арага байланышкан маселелер абдан оор, кыйынчылыктар менен коштолуп келери белгилүү. Биздин облустун жетекчиси кошуна облустун жетекчиси менен бүгүн да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Аракеттердин акыбети кайтып, бир чечимдерге келерибизге ишеним чоң.

«Азаттык»: Султан мырза, жаңжалдын чыгышына эмне себеп болду деп ойлойсуз? Мурдатан болуп келген чатактын бириби, же эки өлкөнүн президенттери жолугушар алдында кимдир бирөөлөрдүн атайын чыгарган провокациясы болдубу?

Султан Айжигитов: Кечээги жаңжалдын чыгышына мамлекеттик желектин илиниши себеп болгон деп жатышат. Негизги маселе ал эмес, анын тамыры тереңде. Эң башкы көйгөй – чек ара тилкелеринин ушул күнгө чейин такталбагандыгында, аныкталбагандыгында. Эл өз жеринин тарыхын жакшы билет, бирок чек ара сызыгы кайсы жерден өтөрүн билбейт. Талаштуу, тактала элек жерлерге тажиктер улам-улам жылып келатканын эл көрүп турат.

Кошуналар желекти тактала элек жерге орнотуп жатышат, ошондой учкундар жалынга айланып кетүүдө. Биз чек ара сызыгын так аныктап бермейинче мындай жаңжалдар улана берет.

Чек арачылар жаңжал кечки саат беште башталып, атышуу түнкү саат бирге чейин уланды деген маалыматтар беришти. Кечирип коюңуз, ал жакта ок атуучу куралдар кадимкидей колдонулган согуш болуп жатат. Мурда таш негизги курал болсо, эми ок атышуу болууда, азыр абал абдан оор. Мындай кырдаалды качанкыга чейин карап отурабыз?

Албетте, демаркация, делимитация деген узак процесс. Ошондуктан «убактылуу чек ара сызыгы» деген келишимге келүүбүз керек. Ага укуктук негиздер бар. 1992-жылы кол коюлган Алматы, Минск келишимдерине ылайык СССР курамындагы союздук республикалар ошол учурдагы аймактык-административдик чек араларын тааныйбыз, сактайбыз дешкен. Ошол документке таяп «убактылуу келишимге» келсек болот. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мындай тажрыйбалар бар.

Айбалаев: Чек ара жер алмашканда гана чечилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:20 0:00

«Азаттык»: Махмадиор мырза, чек ара бойлорунда жашаган элдин бири-бирине ишеним жаратып, ынтымакта, достукта жашоосу үчүн өкмөттөр ар кандай иш-чараларды өткөрүшөт, эл аралык уюмдардын ар кандай долбоорлору иштейт. Ошолордон майнап, натыйжа чыгып жатабы?

Махмадиор Хасанов: Албетте, ар бир долбоор, иш-чара кандайдыр бир таасирин тийгизет, деп айтсам болот. Элди достукка, биримдикке чакырган биргелешкен аракеттер, түшүндүрүү иштери көп эле болот. Бирок алардын таасири убактылуу гана.

Жаңжалдын токтобой, уланып жатышынын негизги маселесин мен да чек аралардын такталбаганынан көрөм. Биз 2016-2017-жылдары чек арада жашаган эки өлкөнүн жаштары менен көп иштерди жасап келдик. Алардын арасында топторду түзүп, биргелешкен көп иш-чараларды өткөргөнбүз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргыз-тажик чек арасынын кыстоосу (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:00 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG