Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды


Чек арада тартипти чыңдоо иши күчөтүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

Чек арада тартипти чыңдоо иши күчөтүлдү

22-23-июлдагы Кыргызстандын Ак-Сай айылынын жана Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосунда жаңжал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жаңжалдан кийин кыргыз тарап Ворух-Исфара авто жолун жапкан. Тажик чек тарап Кыргызстандын Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен жолун тоскону белгилүү болду.

Вице-премьер-министрлер жолукту

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим жолугуп, чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты.

Эки тарап чек арадагы чырды биргелешип иликтөө боюнча чечимге келишти. Ошондой эле чек ара тилкелерин чогуу кайтарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашты. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү абалды жөнгө салуу боюнча иштеп жатышат.

Чек арадагы окуялар

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 22-23-июлдагы чек арадагы чырда 17 кыргыз жараны жабыркап, ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын арасында милиция, чек ара кызматкерлери, жергиликтүү тургундар бар.

Ал эми Тажикстандын Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына маалымдаган.

Каза тапкан киши 52 жаштагы жергиликтүү мугалим Жалолидин Кароев экени белгилүү болду. Жараат алгандар арасында Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Шомирсаидов да бар.

Ал арада кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал курч бойдон турат.

Исфара – Ворух автотрассасында кыймыл токтотулган. Ошондой эле Тажикстандын жарандары Исфана – Баткен жолун тосуп алышты.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух анклавына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Кыргызстандын Ак-Сай айылынын жана Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосундагы жаңжал эки өлкөнүн мамлекет башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолуга турганы айтылып жаткан учурга туш келди.

Айбалаев: Чек ара жер алмашканда гана чечилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:20 0:00

Чек ара кызматы чагымга алдырбоого чакырды

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 23-июлда мекеменин төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акрам Мадумаровдун катышуусунда чек арага канаатташ аймактын элине түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан учурда тажик тараптан Кыргызстандын жарандарына карата эки ок атылган.

“Азаттыктын” ошол аймакта жүргөн кабарчысынын айтымында, бир чек ара кызматкери бутунан жараат алды.

“Азаттыктын” тажик кызматынын өкмөттөгү атын атабаган булагына таянып кабарлагандай, 23-июлда саат 16:00лар чамасында “чек ара тилкесинде ок атышуу угулган”. Окуядан тажик милиционери жаракат алган.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода 23-июлда Душанбедеги маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берди. Анын айтымында, эки өлкөнүн өкүлдөрү кырдаалды жайгаруу максатында аракеттерди көрүп жатат.

"Азыркы учурда жеринде Кыргызстан менен Тажикстандын президенттик аппараттарынын жетекчи курамынан турган комиссия маселени карап жатат. Эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат", - деген тажик министри жабылган жолду ачуу боюнча да сүйлөшүү болуп жатканын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Сажира Чоколоеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, мамлекеттик чек аранын бул тилкесинде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Чек ара кызматы мындан тышкары кошуна өлкөнүн жаңжалды “эки өлкө президенттеринин жолугушуусу алдындагы кыргыз тараптын чагымы” деп айтканына жооп кайтарды. Анда тажик тарапты эмоцияга алдырбай, кырдаалды курчутуп жиберүүчү негизсиз айыптоолордон карманууга чакырган. Чек арадагы чырдын себептерин жана күнөөлүүлөрдү бирге аныктоого даяр экенин айтылган.

Учурда эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Мунун алдында Баткен менен Согди облустарынын башчылары Мадумаров менен Ражабай Ахмадзода Ак-Сайдагы Дача аймагында жолугуп, чыр-чатакты жөнгө салуу, анын себептерин тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашкан.

Кыргызстандын чек ара кызматы 23-июлда түшкө чейин кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин, ок атышуу токтогонун кабарлаган.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду

Чыр чыккан аймакка вице-премьер-министр Жеңиш Разаков барды. Баткен облусунда жана чектеш аймактарда коопсуздукту, укук тартибин камсыздоо иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Жеңиш Разаков ооруканага барды. 23-июль, 2019-жыл
Жеңиш Разаков ооруканага барды. 23-июль, 2019-жыл

Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү. Жабыр тартып, Баткендин ооруканасында жаткан жарандардан, коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн тургундардан кабар алды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Разаковдон тышкары учурда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенде жүрөт.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы 22-июлдагы чыр боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка караганда, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

Чыр чыккан айылдын жашоочулары көчүрүлдү

Чырдан улам 315 киши Баткен шаарына көчүрүлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандагы "Кызыл жарым ай" коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги бөлүмүнө таянып билдирди. Маалыматка караганда, 55 киши үй-бүлөлөргө, 260ы убактылуу уюштурулган лагерлерге жайгаштырылды.

Убактылуу лагерь аймактагы мектептерде ачылды. Коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн көбү аялдар жана балдар. "Кызыл жарым ай" коому чатыр, суу, тамак-аш жана жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө.

Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан жер.

ТИМ: кыргыз-тажик президенттери жолугат

23-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмамоли Рахмон эки тараптуу маселелерди, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча делимитация жана демаркация маселесин талкуулай турганын кабарлады.

Жетишилген макулдашууга ылайык, учурда тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусун уюштуруунун үстүндө иштеп жатат.

Мунун алдында тажик маалымат каражаттары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ушул аптанын соңуна чейин Ворух анклавына бара турганын жазып жатышкан. Бул Рахмондун 1993-жылдан берки Ворухтагы алгачкы сапары болот деп мүнөздөлгөн.

27-июнда президент Жээнбеков Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик мамилелерин талкуулаган. Анда президенттер ортодогу чек араны делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүү тууралуу макулдашууга жетишишкенин кыргыз мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлаган.

4-июлда Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолуккан учурда аларды ар кандай чагымга алдырбоого чакырган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш айылдарынын тургундары эки президенттин жолугушуусунан кийин чек ара маселеси чечилеби деген үмүттөрүн билдиришкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG