Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдады. Чек арадагы кырдаал боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары Кыргызстандын Дача аймагында сүйлөшүп жатат.
Чек арадагы абал
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан 15 киши жабыркап, бир тажик жараны каза тапканы кабарланды.

1
Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

2
Учурда Исфара – Ворух авто жолу жабык турат.

3
Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

4
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам 315 киши Баткен шаарына көчүрүлдү.

5
Алар Баткен шаарында кесиптик лицейдин имаратына жана стадиондо атайын чатырларда жайгаштырылууда. Облус жетекчисинин орун басарынын жетекчилигинде штаб түзүлүп, бул маселе боюнча тийиштүү кызматтар иштеп жатат.

6
Аймактагы мектептерде убактылуу лагерь ачылып, 260 киши убактылуу баш калкалоодо.

7
Коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн көбү аялдар жана балдар. "Кызыл жарым ай" коому чатыр, суу, тамак-аш жана жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө.

8
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жараат алган, үчөөнө таш тийген.

9

10
Ушул тапта Исфара – Ворух авто жолу жабылып турат.

11

12

13
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызамткерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү абалды жөнгө салуу үчүн биргеликте иш жүргүзүүдө.

14

15