Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Чек ара чырынын түйүнү чечилбей келет


Кыргыз чек арасындагы жоокер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз чек арасындагы жоокер. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек арага жана аймактарга байланышкан бир нече маселелерди карады.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодо, чек аранын боюнда ишеним жаратууда, элдин социалдык-экономикалык маселеcин чечүүдө өкмөттүн аракети кандай?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Бактыгүл Каламбекова жана Баткенден жергиликтүү серепчи, журналист Адылбек Акматов катышты.

«Азаттык»: - Абдывахап мырза, мындан бир нече ай мурда Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан улам аймактагы бир топ маселелерди чечүү боюнча токтом чыгарып, аны аткарууну өкмөткө тапшырды эле. Алардын аткарылышы кандай болду, эмне жасалды? Өкмөттүн отчету канааттандырдыбы?

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев: - Биздин комитет март айында бул маселени көтөрүп, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгып талкуулап, парламент 25 пункттан турган токтом кабыл алган. Эң биринчи кезекте чек араларды демаркациялоо, делимитациялоо, жерди трансформациялоо, суу чыгаруу, жол салуу, «Тез жардам» машинеси, жергиликтүү кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү ж.б. бир нече маселелерди чечүүгө тапшырма берилген.

Ошолордун аткарылышын көзөмөлдөө максатында комитет 28-майда кайра чогулуп сурадык эле, тилекке каршы токтомдун пункттарынын бири да аткарылбаптыр. Биздин тапшырма аткарылбагандан кийин өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылдык. «Премьер-министр бажасына акча табат, чек арага акча таппайбы?» деген да сөз болду. Ошондон кийин кыймылдай башташты, 220 миллион сом акча бөлүнгөнүн айтышты. Бардык маселе акчага байланган эмес. Мисалы, жерди трансформация кылуу акчаны талап кылбайт, эки айдан бери 500 гектар жердин маселеси чечилбейт.

«Азаттык»: - Адылбек мырза, парламенттин чыгарган чечими, аны аткаруу боюнча өкмөттүн аракети Баткенде сезилеби? Эмне иш болуп жатат, элге жарыгы тийип жатабы?

Адылбек Акматов: - Мындан үч ай мурда Ак-Сай айылына жакын жердеги окуя болгондон кийин бийликтин бардык бутактарынан бул жакка өкүлдөр келип, элге көп убадалар берилген. Калыстык үчүн айтып коёюн, көп иштер башталды. Парламент депутаттарынын демөөрчүлүгү менен кичи футбол аянтчасы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди.

«Айыл жаштарына үй салыш үчүн да жер үлүштөрү бөлүнөт» деп жатышат. Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу жүрүп жатат. Айтылган 220 миллион сом акча бөлүнгөндөн кийин төрт социалдык объектинин курулушу болуп жатат. Ушуларды көргөндөн кийин жергиликтүү элде «мамлекет бизге көңүл бурат экен, маселебизди чечет экен» деген үмүт пайда болууда.

«Азаттык»: - Бактыгүл айым, Жогорку Кеңештин токтомун, өкмөттүн аракетин сиз кандай баалап жатасыз? Бийлик тарабынан жасалып жаткан бүгүнкү аракеттер, чек аранын боюндагы маселелерди чечип жатканы абалды кардиналдуу өзгөртө алабы? Өрт чыккан соң убактылуу өчүрүлгөндөй болуп жаткан жокпу?

Бактыгүл Каламбекова.
Бактыгүл Каламбекова.

Бактыгүл Каламбекова: - Жогорку Кеңеш Баткендеги чек ара, ага байланышкан бир топ маселелерди карап, атайын токтом чыгарып, анын аткарылышынын артынан сая түшүп көзөмөлдөп жатканы жакшы көрүнүш. Уккан кишиге үмүт берет, угуп алып сүйүнүп жатам. Парламентте катуу талкуу болгонун да көрдүм.

Биз маселени качан ызы-чуу чыкканда эле чечебизби? Бизде окуя болгондо баарыбыз чуркап барабыз да, эмоциясы курчуп турган жергиликтүү элге кошуп-ташып убадаларды берип, анан келе беребиз. Жогорку Кеңеш токтом чыгарып бергенден кийин аны аткарыш керек. Же маселе чечиш үчүн дагы жаңжал чыгышы керекпи? Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтык, мамлекеттик жумуштар боюнча мамилелер туруктуу жолго салынышы керек. Азыр өкмөттө ниет бар, аракеттердин натыйжасы жок, ойдогудай иш жок. Чек ара, ага байланышкан маселелер көп катмарлуу. Жер, суу чыгаруу жагы чечилбесе, эл эмне кылышы керек? Калк күндөн күнгө көбөйүүдө, алардын баарына үй-жай керек. Аны өкмөт гана чечет.

«Азаттык»: - Абдывахап мырза, кыргыз-тажик чек арасында жагдады жөнгө салуунун бирден-бир жолу - расмий бийлик органдарынын ортосунда өз ара ишеним экенин айтып келебиз. Ушул багытта эмне иш болуп жатат? Эки өлкө ортосундагы чек араларды тактоо эмне үчүн жылбай жатат?

Абдывахап Нурбаев: - Өзбекстан менен деле чек араларыбыз бир топ жылдан бери такталбай, чечилбей келе жатты эле, президенттер жолугуп, макулдашып койду эле, маселе алдыга жылганын баарыбыз билебиз. Тажикстан менен да ушундай жол менен чечилиши керек. Сүйлөшүүлөр канча жылдан бери уланып эле келе жатат, бирок натыйжа аз. Жакында эки өлкөнүн президенттери жолугат деген маалыматтар бар. Башкача айтканда чек ара маселесин чечүүгө эки мамлекет башчыларынын эрки керек. Ошондо чечилет деген үмүттөбүз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Чек ара маселелерин чечүү создугууда (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:33 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG