Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Баткенде чек арада чыр чыга жаздады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-апрелде кечке жуук тажик жараны Кыргызстан менен чек арадагы Ак-Сай айылынан сегиз жаштагы баланы «трактордун айнегине таш ыргытты» деп алып кеткенден кийин Исфара-Ворух жолу жабылып кайра ачылды.

Ак-Сай айылындагы 2-класстын окуучусун Ворух анклавынан милиция кызматкерлери жарым саатта кайра алып чыгып беришкен. Бала учурда ооруканада жатат жана анын абалы жакшы. Баланы алып кеткен тажик жараны кармалып, тергөө иштери башталганы да кабарланды.

22-апрелде Тажикстандын жараны Баткен районунун Ак-Сай айылынын четинде ойноп жаткан беш-алты баланын арасынан 2-класстын окуучусун алып кеткени тууралуу маалымат тарар замат аксайлыктар чогулуп, Исфара-Ворух жолун жаап салышкан.

Талаш эмнеден чыккан?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Баланын жоголушуна нааразы болгондор Тажикстандын жаранынын автоунаасынын айнегин сындырышкан. Ошол эле учурда кошуна өлкөнүн жарандары да кыргыз жаранынын машинесинин айнегин талкалашкан.

Жергиликтүү тургун Рахматтилла Зикиров баланы алып кеткен адамды жоопко тартууну талап кылды:

«Балдар үйүмө ыйлап келишти. Менин үйүмө жакын жерде сайда ойноп жатышкан экен. «Тажик киши алып кетип калды» деп айтышты. Анан мен айыл башчыга, милицияга кабар бердим. Кийин Тажикстандын милициясы Ворухтан алып чыгып берди. Эми бул "адам уурдоо" дегенге жатат да. Эч кимге айтпай эле алып кетип калган экен. Же милиция менен келсе, же ата-энесине барышса болмок да. Анан бала сайдын аркы бетиндеги Тажикстандын аймагында иштеп жаткан техникага кантип таш ыргытып, айнегин сындыра алат? Айнеги мурдагы күнү сынган экен, ошого ишенбей турабыз. Эми биз ошол кишини жазага тартууну суранып жатабыз».

Учурда окуяны иликтеш үчүн тергөө тобу түзүлүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр да жүргөн. Баланы Тажикстандын аймагына алып кирип кеткен адам кармалып, сурак берип жатканы тууралуу маалымат берилген.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Аскарбек Аширалиев буларды айтты:

«Тажикстандагы кесиптештер менен сүйлөштүк. "Самсунг" үлгүсүндөгү экскаватордун айнегин сындырган» деп алып барып, Тажикстандын милициясына тапшырган экен. Анан биздин кызматкерлер менен чек арачыларыбызга өткөрүп беришти. Ал жаран Тажикстанда кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышты. Бизде да катталып, тиешелүү иштер жүрүп жатат. Азыр баары ордуна келип калды».

Учурда кыргыз-тажик милициясынын биргелешкен патрулдук тобу аймакта абалды көзөмөлдөп турат. Окуучу облустук ооруканада жатат. Оорукананын өкүлдөрү баланын абалы жакшы экенин, бир аз коркуп калганын «Азаттыкка» билдиришти.

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев чек арадагы жаңжалдарды козуткандар жазага тартылбай жатканына кейиди:

«Биз кошуна жашагандан кийин баланы алып кеткен тажик жараны ким экенин да билебиз, аны тааныйбыз. Ал киши мурда да бир-эки жаңжалдын чыгышына себепчи болгон. Чагымчыл аракеттерге баргандар жазага тартылбай калып, анан кийин да кайталанат. Эки элдин мамилесине доо кетирген ушундай кишилер жоопкерчиликке тартылса чырлар азаймак».

Ал арада Ворухтагы Тожикон айылынын башчысы Гафуржон Жураев аксайлыктар жолду бууп, тажик номерлүү бир нече машиненин айнегин сындырып салышканын «Азаттыктын» тажик кызматына кабарлады:

«Аларды эч ким токтоткон эмес. Бирок милиция кызматкерлери ошол замат Ворухтун үч жашоочусун кармашты. Бул үчөө аксайлыктардын жасаганына нааразы болушуп, кыргыз номери бар бир машиненин айнегин сындырып салышкан экен. Ошол үчөө дагы эле милициянын бөлүмүндө кармалууда».

Окуяны иликтеш үчүн түзүлгөн топ эки тараптан канча машиненин терезеси талкаланганы, кандай чыгым келтирилгени тууралуу жакын арада маалымат берет.

Баткенде чек ара такталбагандыктан утур-утур чатак чыгып турат. 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тартып, Тажикстандын эки жараны каза болгону кабарланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG