Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

Чек ара көйгөйү: эксперттердин сунушу


Кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух айылы. 26-июль, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух айылы. 26-июль, 2019-жыл.

26-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворухтун чегинде жолукту.

Президенттердин жолугушуусуна жакын калганда болгон жаңжалды эске алганда эки өлкөнүн чек ара тилкесинде жашаган тургундар бийликтен реалдуу кадамдар жасалышын күтүп жатат.

Көбү эки өлкөнүн эл абдан жыш жайгашкан чек ара тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу жана бейпил турмушту камсыздоо үчүн конкреттүү чечимдерди кабыл алуу керек деп эсептешет.

Жээнбеков менен Рахмон чек арада жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Чырдын тарыхы

Ак-Сай-Ворух чек ара тилкесинде кырдаал 22-23-июлда курчуган. Жергиликтүү адамдардын чек ара тилкесинин өз тараптарына мамлекеттеринин желегин орнотуу аракеттери жаңы кагылышка алып келди. Жыйынтыгында ок атылып, бир тажик жараны каза тапты. Эки тараптан 20дай киши жараат алды.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт, анын 500 чакырымдан көбү делимитация жана демаркация болгон. Талаштуу делген 400 чакырымдан ашык чек ара сызыгына Ак-Сай-Ворух участогу да кирет.

СССР учурунда жашоочулар кенен-кесири колдонуп келген жер, жайыт жана суу ресурстары азыр көз карандысыз эки мамлекеттин бирине гана тиешелүү аймакка айланган.

Ар бир тарап кошунасына аларды колдонууга уруксат берүү же чектөөнү өздөрү гана чече турганын айтып келишет. Көз карандысыздыкка жетишкенден кийин эле башталып, азыр да уланып келе жаткан мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери бул талаштарга толук айкындык киргизген жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында жашаган тургундары сүйлөшүүлөрдөн, анын жыйынтыктарынан, кандай мунасалуу сунуштар талкууланып жатканынан, ал чек арадагы элдин кызыкчылыгына кандай таасир этеринен кабардар эмес.

Айрымдар үчүн чек ара көйгөйү өмүр менен өлүм маселеси - анткени Кыргызстан менен Тажикстандын ондогон жарандарынын үйлөрү талаштуу чек ара тилкесинде орун алган. Ошондуктан аймакта ар бир жаңжал бул жерде абдан оор кабыл алынат.

Мамлекеттик чек аранын сызыгы толук аныкталбаганына эки өлкө аны эки башка карта менен чечүүнү сунуш кылып келе жатканында. Дүйшөмбү чек араны чечүүдө Кыргызстан менен Тажикстандын аймактык бөлүнүшүн камтыган 1920-жылдардагы картага таянса, Бишкек 1950-жылдагы карта менен чечүүнү көздөйт. Ар бир тарап кошунасынын дооматын туура эмес деп эсептейт.

Ворух маселеси

Биз менен сүйлөшкөн көптөгөн эксперттер чек арадагы абалды жөнгө салуу талаштуу аймактын макамын аныктап алуудан башталышы керек деп эсептешет. Ошондой эле бийликтердин эң чоң милдети зордук-зомбулукка жана кан төгүүгө жол бербөө болушу зарыл экенин, азыркы кезде кырдаалды ушул деңгээлде кармоо оңой-олтоң болбой жатканын белгилешкен.

Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылы анклав болуп эсептелет жана Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен чектешет. Байкоочулардын оюнча, аныкталбаган географиялык жайгашуусунан улам Ворух өтө аярлуу тилке жана жаңжал очогу бойдон калууда.

Тажикстандын серепчи Негматулло Мирсаидов эки өлкөнүн мамлекет башчылары биринчи кезекте Ворухтун маселесин чечиши керек, 40 миң калкы бар айыл Исфарага тоскоолдуксуз кирип-чыкканга мүмкүнчүлүк алышы зарыл деп эсептейт.

Ворухтун макамы тууралуу чечим совет мезгилинде ошол кездеги жетекчилер тарабынан кабыл алынган. Анда бул чечим аймактын баары СССРга тиешелүү деген концепциянын негизинде ишке ашкан.

“Эгер совет мезгилинде айыл тургундары эч кандай кысылууну сезбесе, азыр ал жол, суу жана жер ресурстарын пайдаланууда тоскоолдуктарга туш болууда”, - дейт Негматулло Мирсаидов.

Анын айтымында, азыр кандай гана жаңжал болбосун, анын ичинде кичинекей чырда да Ворух басым көрсөтүүнүн куралы бойдон калып жатат.

Талдоочунун көз карашында, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүү абдан ачык-айкындыкты талап кылат, ал эми эки өлкөнүн жарандарына ар бир жолугушуунун жана сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилип турушу зарыл. Мирсаидов сүйлөшүү жараянына чек ара маселесин жакшы билген эксперттерден, журналисттерден турган коомдук кеңири катмары тартылышы кажет деп эсептейт.

Мамат Айбалаев: Көйгөйдү чечүүнүн бир канча варианты бар

Бир катар эксперттердин оюнча узак жылдык тажрыйба жана чек ара чырларынын тарыхы эки тарапка тең, жогорку бийлик адамдарына да, айыл тургундарына да мунасалуу чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын талап кылып турат. Алардын бири аймактарды алмашуу. Ушул жол гана чек ара сызыгын так жана даана аныктоого жардам бермекчи.

Көйгөйдү мыкты түшүнгөн Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев «Азаттык» менен болгон маегинде чек арадагы чырды чечүүнүн ушул сыяктуу жолдорун сунуш кылды.

“Чек араны чечүүнүн бир канча варианты бар. Исфарадан Чоркуга бара жатканда Кара-Бак айылы бар. Азыр ал Достук деп аталат. Тажиктер Исфарадан Чоркуга бара жатканда Достукка кирбей өтүп кете турган көпүрө курушкан”, - деди Мамат Айбалаев.

Айбалаев Достук айылынын аймагын берип, Мачаидеги тажиктерди ошол жерге, ал эми Достуктагы кыргыздарды Мачаиге алып келсе болот деп эсептейт.

“Баткен району менен Исфара районунун ар бир метрин карап чыкса болот. Мен бир гана мисалды айттым. Бул делимитация жана демаркация ишин жүргүзүүгө, тажик эли менен толук кандуу жашоого шарт түзөт. Эгер чек араны аныктабасак, чырлар мындан кийин да боло берет”, - дейт экс-губернатор.

Анын сөзүнө караганда, эгер чек араны азыр чечпесе, советтик мезгилди көргөн муун өткөндөн кийин жаңы муунга орток пикир табуу мындан да оор болот. Айбалаев кылымдап созулуп келе жаткан көйгөйдү президенттердин чек арадагы бир эле жолугушуусу чечип коё албайт деген ойдо.

Айбалаев: Чек ара жер алмашканда гана чечилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:20 0:00

Чек ара маселесин чечүүдө эл аралык тажрыйба жардам береби?

Баткен облусунан өтө алыс эмес Тажикстандын Хожент шаарында жашаган талдоочу Негматулло Мирсаидовдун оюнча, чек арадагы чыңалуу жана жаңжалдын эскалация болуп кетүү коркунучу бул ишке башка мамлекеттердин ушул сыяктуу маселелерди чечүү боюнча билими жана тажрыйбасы жетиштүү эл аралык эксперттерди тартууга эбак эле мезгил жеткенин көрсөтүүдө.

Бул пикирди Борбор Азияда бир канча жыл жашаган британиялык изилдөөчү Маделайн Ривз да колдойт. Маделайн Ривз - Манчестер университетинде социологиялык проблемаларды изилдеген окумуштуу. Ал талаштуу тилкелер чек аранын эки тарабында жашаган элдин гана кызыкчылыгын эске алуу жана саясий ыкмалар аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.

Окумуштуунун сөзүнө караганда, саясатчылар электоратты жоготуп алуудан коркуп, оор чечимдерди кабыл алуудан чочулашат. Ошол эле кезде алар чек ара маселесин узак максаты көздөп жана системалуу тартипте чечүү жергиликтүү элдин жыргалчылыгына кызмат кыла турганын да эстен чыгарбашы зарыл.

Ривз жөнгө салуу иштери чек ара сызыгын аныктоодо так юридикалык эреженин алкагында жасоону, делимитация жана демаркация ишиндеги так принциптерди макулдашып алууну талап кыла турганын кошумчалады.

Мындан тышкары, ал эки өлкө ортосунда суу ресурстарын жана жайытты пайдалануу, үйлөрдү коргоо, коммуникация каражаттарын жана жол транспорт кыймылын коллдонуу, жергиликтүү базарга кирип-чыгууга уруксат, ошондой эле жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алуу сыяктуу турмуштук зарыл көйгөйлөрдү чечүү тууралуу да так макулдашуу болушу кажет экенин айтат.

Британ окумуштуусу чек ара маселесин талкуулоого жергиликтүү эл да тартылышы зарыл деген пикирде. Ал бул маселеде эки тараптуу өз ара түшүнүшүүгө жетишүү үчүн ишти чакан долбоорлордон баштоону сунуштайт.

Маделайн Ривз чек аранын эки тарабындагы жашоочулар үчүн жагымдуу тынчтык маанайын түзүүгө, атап айтканда окуучулардын чек арадагы мектептерге баруусун камсыздоо, биргелешкен коомдук транспортту колдонуу, биргелешкен базарларды ачуу сыяктуу иштер болушу зарылдыгын кошумчалады.

Азыркы кезге чейин жүргүзүлүп келген иштер, британ окумуштуусунун сөзүнчө, практикалык жумуштарга караганда символикалуу маанайда болуп келди. Ошондуктан алар ишеним жаратпай жатат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен маектешкен эксперттер Борбор Азиядагы эң аярлуу очок болуп келе жаткан жерде кездешкен эки президенттин жолугушуусунан жогорудагыдай жыйынтыктарды көргүлөрү келе турганын билдиришти.

Макаланы "Азаттыктын" кыргыз жана тажик кызматынын журналисттери биргеликте даярдашты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG