Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Быйыл Кыргызстанда 72 жаңы мектеп пайдаланууга берилет


2018-жылы Кыргызстанда салынган мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
2018-жылы Кыргызстанда салынган мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын эсеби менен Кыргызстанда 72 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда бардыгы болуп 157 социалдык объект курулуп жатат. Анын ичинен 111и мектеп имараты.

«111 мектептин 72си ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Мындан тышкары 51 мектепте жана жети бала бакчада оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат» деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

2018-жылы Кыргызстанда 66 мектеп курулганы парламентте айтылган.

Булан институту мектептердин курулушу жана коопсуздугу боюнча жүргүзгөн изилдөөсүндө Кыргызстанда 190дон ашуун мектеп авариялык абалда экенин белгилеген.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Кыргыз өкмөтү мамлекет 600дөй жаңы мектепке муктаж экенин билдирген. (KS)

XS
SM
MD
LG