Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Жапония Түштүк Кореядан машыгууну токтотууну талап кылды


Түштүк Кореянын оор артиллериясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Түштүк Кореянын оор артиллериясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жапония өзүнө таандык деп эсептеген Такэсима (Токто) аралдарынын жээгинде аскердик машыгуу өткөрүүнү токтотууну талап кылып Түштүк Кореяга кайрылды.

«Киодо» агенттигинин маалыматына караганда, жапон өкмөтү жөнөткөн нааразылык катында Такэсима башынан Жапонияга таандык экени, ал жакта аскердик машыгууга таптакыр уруксат жок экени айтылат.

Бүгүн, 25-августта Түштүк Корея өз көзөмөлүндө кармап турган Такэсима аралдарында машыгуу уюштурду.

Бул аймак эки өлкө ортосунда талаш жараткан жер. Токио аралдар 1905-жылы Жапон империясынын курамына киргенин, кийин Түштүк Корея басып алганын айтса, расмий Сеул бул чакан архипелаг корей мамлекетинин бир бөлүгү экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG