26-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;
Бишкекте түнкүсүн 14…16°, күндүз 32…34°;
Чолпон-Атада түнкүсүн 11…13°, күндүз 21…23° болот.