Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Мушкер Тургунбеков Евразиянын бокс федерациясынын чемпиондук курун тагынды


Сүрөттө Акжол Сулайманбек уулу (солдо), Орзубек Назаров жана Эржан Тургунбеков (оңдо). Орусия, Челябинск. 24-август, 2019-жыл.
Сүрөттө Акжол Сулайманбек уулу (солдо), Орзубек Назаров жана Эржан Тургунбеков (оңдо). Орусия, Челябинск. 24-август, 2019-жыл.

Кыргызстандык мушкер Эржан Тургунбеков бокс боюнча кесипкөй рингде Евразиянын кесипкөй бокс федерациясынын чемпиондук курун тагынды.

Кесипкөй мушкерлер арасындагы «КовалевvsЯрд» деген аталыштагы мелдеш 24-августта Орусиянын Челябинск шаарында өттү.

Мелдешти Орусиянын бокс боюнча кесипкөйлөр арасындагы бир канча уюму биригип өткөрдү.

Эржан Тургунбеков беттешин IBF уюмунун алкагында өткөрдү. Анын атаандашы украиналык тажрыйбалуу мушкер Георгий Лашко болду.

10 раундга созулган беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан Эржан Тургунбековду жеңүүчү деп табышты.

Тургунбеков кесипкөй рингдеги мелдештерге орусиялык «RCC boxing» уюмунун атынан катышып келет. Жалпысынан сегиз беттеш өткөрүп, жети жолу жеңишке жеткен.

Аталган уюмда Тургунбеков менен катар Акжол Сулайманбек уулу да мелдештерге катышып жүрөт.

Бул күнү Акжол Сулайманбек уулу WBA Asia (Азиянын бокс ассоциациясы) чемпиону наамын коргоп калуу үчүн венесуэлалык Миллер Маркано менен таймашып, экинчи раундда нокаут менен жеңип, чемпиондук наамын коргоп калды.

Акжол Сулайманбек уулу Азиянын бул чемпиондук куруна 2018-жылы апрель айында татыктуу болгон. Андан кийин бул наамды үч жолу ийгиликтүү коргоду. Кесипкөй рингде 14 жолу беттеш өткөрүп, бардык таймаштарында жеңишке жеткен.(GT)

XS
SM
MD
LG