Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Иранда сатирик 23 жылга кесилди


Ирандык жазуучу, сатирик Киомарс Марзбан.
Ирандык жазуучу, сатирик Киомарс Марзбан.

Иран соту жазуучу, сатирик Киомарс Марзбанды 23 жыл тогуз айга эркинен ажыратты. Ал бир нече айып, анын ичинде Кошмо Штаттар менен кызматташканы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Жазуучунун адвокаты Мохаммед Хосейин Агаси «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, Марзбанга «душман мамлекет менен кызматташкан, системага, бийликтин расмий өкүлдөрүнө каршы үгүттү жайылткан» деген айыптар коюлган.

Агаси соттун чечимине каршы доо арыз менен жогорку инстанцияларга кайрыларын айтып, Марзбан «азил макала жазып, аны маалымат каражаттарына жарыялагандан» башка эч нерсе кылбаганын кошумчалады.

Маалым болгондой, 28 жаштагы Марзбан Ирандан 2009-жылы чыгып кетип, сегиз жылдан кийин катуу ооруп жаткан энесине жолугуу үчүн кайтып барган. Ал былтыр сентябрда камалган.

XS
SM
MD
LG