Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:03

Гонконгдо полиция 29 демонстрантты кармап кетти


Полиция менен демонстранттардын кагылуушусу. 25-август, 2019-жыл.

Гонконг полициясы өкмөткө каршы чыккан демонстранттар менен түнү болгон кагылышууда 29 киши кармалганын кабарлады. Полиция бекетинин жанына чогулган акциянын катышуучуларына каршы тартип сакчылары жаш чыгарчу газ чачты.

Алгач демонстранттар Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоону караган мыйзамга каршы 11 апта мурда көчөгө чыгышкан. Гонконгдун бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып келатышат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG