Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Белградда пенсионерлерди колдогон акция өттү


Белграддагы нааразылык акциясы. 17-август, 2019-жыл.
Белграддагы нааразылык акциясы. 17-август, 2019-жыл.

Сербиянын баш калаасы Белградда 25-августта армиянын пенсионерлерин колдогон акцияга бир нече миң адам чыкты. Алар шаардын борборуна чогулуп, «Силер жалгыз эмессиңер!» деген ураандарды чакырып жатышты. Бийлик жакында эле мурдагы Югослав элдик армиясында кызмат өтөгөн офицерлерге алар ондогон жылдардан бери жашаган мейманкананы бошотууну буйруган. Офицерлер үй-бүлөлөрү менен «Бристоль» деп аталган имаратка 1990-жылдардын башында жайгашкан.

Бийлик ал кезде офицерлерди жакын арада турак-жай менен камсыз кылыга убада берген. Бирок андай болгон эмес. Жергиликтүү бийлик өткөн аптада мейманканада калган 11 үй-бүлөнү чыгарыш үчүн жарыкты өчүрүп салган.

Сербияда бийликке каршы демонстрациялар былтыр декабрда солчул оппозициянын лидери Борко Стефановичти белгисиз адамдар сабап кеткенден бери уланып келет. Демонстранттар өлкө президенти Александр Вучичтин автократиялык башкаруусун сынга алып, өлкөдөгү бир топ маселелерди көтөрүп чыгышкан. Бирок Вучич нааразылыкка чыккандарга «беш миллионуңар чыкса да талаптарыңар аткарылбайт» деп айткан. Андан бери өкмөткө каршы чыккандар ар бир ишемби күнү «Бештин бир миллиону» деген ураан алдында акция уюштуруп келатышат.

XS
SM
MD
LG