Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:05

Трамп америкалык компанияларга Кытайдан кетүүгө көрсөтмө берди


Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык компанияларга Кытайдан кетүүгө, ордуна башка базар табууга көрсөтмө бергенин билдирди.

«Reuters» агенттиги Вашингтондун бул кадамы Бээжин АКШнын 75 миллиард долларлык товарына бажы төлөмүн киргизгенине байланыштуу экенин кабарлады.

Трамп «Twitter» баракчасына Кошмо Штаттар Кытайда триллиондогон долларларды жоготконун жазды.

«Бизге Кытай керек эмес жана ансыз бир топ жакшы болот», деди ал.

23-августта Кытай АКШнын 75 миллиард долларлык товарына бажы төлөмүн киргизгени маалымдалган.

5078 түрдүү товардын айрымдарына бажы төлөмү 1 сентябрдан, кээ бирлерине 15 декабрдан күчүнө кирет.

Мындан тышкары, Бээжин Америка автоунааларынын тетиктерине да 5 пайыздык кошумча бажы төлөмү киргизилерин билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG