Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Садыр Жапаровдун уулу каза болду


Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган жаракатынан каза болду. Бул тууралуу Жапаровдун тарапташтарынын бири, активист Мелис Аспеков кабарлады.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун эң улуу баласы Дастан мындан 3-4 күн мурун жол кырсыгына кабылып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборундагы жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Анын абалы оор болчу.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG