Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:58

Гонконг: дем алыш күндөрү 65 демонстрант кармалды


Гонконгдогу нааразылык акциясы. 25-август, 2019-жыл.

Гонконгдогу өкмөткө каршы нааразылык акциялары күчөп, полиция эскертүү иретинде асманга ок атты.

Дем алыш күндөрү 65 демонстрант кармалды. Алардын арасында 12 жаштагы өспүрүм да бар.

Алгач демонстранттар Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоону караган мыйзамга каршы 11 апта мурда көчөгө чыгышкан. Гонконгдун бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып келе жатышат.

Кытай бийлиги демонстранттарды кескин сынга алып, алардын жүрүм-турумун «террорчулукка жакын» деп мүнөздөп келет.

1997-жылы Гонконг Британиянын үстөмдүгүнөн бошонуп, Кытайдын башкаруусуна кайтарылган. Ортодогу макулдашууга ылайык, Бээжин Гонконгдун ички саясатына, анын ичинде сот чечимдерине да кийлигишпеши керек. Бирок гонконгдуктар 20 жылдан ашуун убакыт ичинде Кытайдын Коммунисттик партиясы макулдашууну бир канча ирет бузганын айтып келишет.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG