Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:05

Росгидромет Архангелск облусунда радиактивдүү заттар табылганын билдирди


Жарылуу болгон Архангелск облусундагы Ненокса аскер базасы. 9-ноябрь, 2011-жыл.
Жарылуу болгон Архангелск облусундагы Ненокса аскер базасы. 9-ноябрь, 2011-жыл.

Росгидромет Северодвинсктин жанындагы полигондогу окуядан кийин аймакта радиактивдүү фон жогорулаганын ырастады.

Адистердин айтымында окуя болгон маалда радиоактивдүү инерттүү газдардан турган булут пайда болгон. Ушундан улам шаардагы радиациянын деңгээли кескин көтөрүлгөн.

Мекеме Северодвинскиде азыр абал туруктуу жана абада кооптуу заттар жок экенин билдирди.

Архангелск облусунда жайгашкан полигондо 8-августта жардыруу болуп, беш кишинин өмүрүн алган. Аймакта радиациянын деңгээли 16 эсе көтөрүлгөн. Коргоо министрлиги эмне сыноо өткөрүлгөнүн ачыкка чыгарган жок.

Мурдараак облустун бийлиги жабыркагандар жеткирилген ооруканынын дарыгерлеринин биринин организминен цезий 137 затын табылганын ырастаган. Бирок ал зат тамак аркылуу да организмге кирип кетиши мүмкүн экенин божомолдогон.

XS
SM
MD
LG