Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Жаңы кодекстер боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт сот-укук реформасынын алкагында кабыл алынган кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында сот-укук реформасынын алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды талдоо боюнча мекеме аралык жумушчу топтун жыйыны өттү.

Анда быйыл жаңы жылдан тартып күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Долбоорго күч түзүмдөрүнүн, Жогорку соттун жана башка мамлекеттик органдардын сунуштары киргизилди. Алардын бири - өзгөчө учурда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганга чейин окуя болгон жерди кароого уруксат берүү.

Мындан тышкары жоруктун бетин ачууну камсыз кылуу максатында алгачкы текшерүүчү органдар атайын тергөө иштеринин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө укугу бар. Ошол эле учурда сунушталып жаткан түзөтүүгө ылайык, тергөөчү алгачкы текшерүүчү органдарга иликтөө жана тергөө иштерин жүргүзүш үчүн кат түрүндө тапшырма бере алат.

Быйыл 1-январдан тартып жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG