Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

Бекматов: Текебаевге кайра мандат берилбейт


Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин мандаты кайра берилбейт. Ал мыйзамда мандаты алынган депутатка кайра берүү боюнча жобо каралган эмес деп эсептейт.

- Депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган депутаттарга карата кайра мандатын алуу жоболору каралган эмес, - деди ал. - Анын үстүнө депутат мандатынан ажыратылгандан кийин кыска мөөнөттө гана доо арыз менен кайрыла алат. Андан өткөндөн кийин арыздар каралбайт. Мындай учурда кайра мандат берилбейт.

Бирок «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Текебаевге карата соттордун «күнөөлүү» деген айыптары жокко чыгарылганына байланыштуу Конституцияга ылайык мандаты берилиши керек деп эсептейт. Шыкмаматов учурда Текебаев айыпталуучу гана болуп калганын эске салды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону 29-августка белгиледи. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, жактоочулар аты аталган саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышты. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен башталат. Адвокаттын айтымында, ишти Биринчи май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарова карайт. Текебаев менен Чотонов сот отурумуна жеткирилет.

Саясатчылардын иши 29-августтан тартып кайра карала баштай турганын Биринчи май райондук соту да ырастады. Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG