Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:05

Москвада «Кыргызстан Евразия биримдиги үчүн» деген иш-чара өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада 31-августта «Кыргызстан Евразия биримди үчүн» деген аталыш менен этномаданий иш-чара өтөт. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдиргендей, ага миңдей конок келет. 

- Жети-сегиз боз үй тигилет. Мамлекеттик Думанын депутаттары, КМШ мамлекеттеринин элчилери чакырылды, - деди ал. 

Маданий жыйынды элчилик жана Орусиядагы кыргыз диаспорасы Кыргызстандын эгемендик майрамына карата уюштурууда. 

Кыргызстан 1991-жылы СССРден бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгон. 31-августта эгемендиктин 28 жылдыгы белгиленет. (SE) 

XS
SM
MD
LG