Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:16

Түркиялык кыргыздар Эрдоганга чепкен жабышты


Президент Режеп Тайып Эрдоган (солдо), Касымбек Варол (ортодо) жана Девлет Бахчели (оңдо).
Президент Режеп Тайып Эрдоган (солдо), Касымбек Варол (ортодо) жана Девлет Бахчели (оңдо).

26-августта Түркиянын Битлис аймагында Малазгирт жеңишинин 948 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага президент Режеп Тайып Эрдоган, Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) лидери Девлет Бахчели жана чет өлкөлүк коноктор катышты. 

- Жыл сайын өтүп жаткан иш-чарага быйыл президент өзү келип катышты. Кыргыздын калпагын, чепкенин белекке бердик. Жакшы кабыл алды, - деди «Азаттыкка» вандык кыргыздардын өкүлү Касымбек Варол. 

Уюштуруучулар майрамдык иш-чарага бир канча боз үй тигип, конокторго кыргыз тамак-ашын сунуш кылды. Ал жерге тигилген боз үйлөр Кыргызстандан атайын буюртма менен жасалган, эң чоңу 16 канат. 

Битлис - кыргыздар отурукташкан Ван аймагына коңшу провинцияда жайгашкан шаар. Ал жерде жыл сайын 25-26-августта 1071-жылдагы салгылашуудагы Малазгирт жеңиши белгиленет. Ал салгылашууда Византия императору Роман IVнин күчтөрү жеңилип, султан Алпарслан жетектеген селжук-түрктөр жеңишке жетишкен. Ошондон кийин түрктөрдүн Анатолияга өтүп тарашына кеңири жол ачылган. (ElB) 

 

XS
SM
MD
LG