Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

АКШ Орусияга каршы жарыялаган кезектеги санкциялар күчүнө кирди


Сергей Скрипаль жана кызы Юлия.
Сергей Скрипаль жана кызы Юлия.

Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын Британияда ууландырылышына байланыштуу АКШ Москвага салган санкциялардын экинчи топтому 26-августта күчүнө кирди. Ага ылайык, Орусиянын мамлекеттик карызына байланыштуу акчалай операцияларга чектөө коюлат. АКШнын эл аралык каржы уюмдары Орусияга насыя бербейт.

Скрипалдар менен байланышкан санкциялардын биринчи топтому 2018-жылдын августунда жарыяланган. Анда Орусияга улуттук коопсуздукту коргоо максатында колдонулчу товарларды сатууга тыюу салынган.

2018-жылы 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө ууландырылган. Лондон алар СССРде жасалган «Новичок» аттуу затка ууландырылганын аныктап, бул үчүн орус бийлигин айыптап чыккан. Кремль дооматтарды четке кагып жүрөт. АКШ менен катар Европа мамлекеттери да Москвага каршы санкция киргизишкен.

XS
SM
MD
LG